www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ишемби күнү кечинде сириялык качкындар лагери өрттөлдү. Лагердин жашоочулары менен жергиликтүү ливандык үй-бүлөнүн ортосунда уруштун кесепетинен катуу өрт чыгып, жаракат алгандар бар.

Анын айтымында, Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссарлыгынын башкармалыгы Миние аймагында ири өрт чыккандыгы тууралуу маалыматты тастыктап, жабыркагандардын айрымдарынын ооруканага жаткырылгандыгын жарыялады. Жарадарлардын так саны айтылган жок.

"Өрт бардык чатырларга жайылды" деди Халед Каббара. Маалыматка ылайык лагерде 75 үй-бүлө жашачу.

Ливандын NNA улуттук агенттигинин маалыматына ылайык, ливандык үй-бүлө мүчөсү менен сириялык качкындардын ортосунда уруш чыгып, андан кийин ливандыктардын үй-бүлөсүнүн жаштары бир катар качкындардын чатырларын өрттөп кетишкен. Окуя болгон жерге Ливандын жарандык коргонуу кызматкерлери келип, тартипти орнотууга армия жана полиция кызматкерлери тартылганы белгиленди.

Азыркы тапта өрттү уюштурган адамдарга карата кандай жаза берилет, жабыркаган жарандарга кандай жардам көрсөтүлөт так айтылбай келет.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости