www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

26-декабрда Түркиянын Анталия шаарында 23 жаштагы кыргызстандык Р.К.нын өлүмү боюнча Анталия шаардык прокуратурасы тергөө ишин баштаганын кабарлады.

Бул тууралуу жергиликтүү кабар агенттиктери маалымат таратты. Анда Анталия шаарынын Муратпаша районунун тургуну, түрк жараны Е.О. полицияга чалып, чогуу жашап жүргөн сүйлөшкөн кызы кыргызстандык Р.К.нын эртең менен каза болуп калганын кабарлаган. Окуя болгон жерге келген тез жардам кызматкерлери кыргызстандык кыздын каза болгонун аныкташкан.

Полицияга көрсөтмө берген Е.О. кыргызстандык Р.К. менен бир жылдан бери чогуу жашаганын, кечээ түнү ичимдик ичкенден кийин уктап калгандыгын жана ойгонгондо жанындагы кыз жансыз жатканын аңдаганын айтып берген. Анталия шаардык прокуратурасы бул окуя боюнча тергөө башталганын, бул "сырдуу" өлүмдүн чоо-жайын иликтөө улантылып жатканын кабарлаган.

Кабарда каза болгон Р.К.нын сөөгү соттук-медициналык экспертиза үчүн өлүкканага жөнөтүлгөнү жазылган.

Азырк уурда тергөө иштери башталып, иштин чоо-жайы иликтенүүдө.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости