www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ливандын премьер-министри Хассан Дияб Бейруттагы жарылууга алты жылдан бери сакталып турган 2750 тонна аммиак селитрасы себеп болгонун айтты. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Эске сала кетсек, 4-августта Ливандын борбору болгон Бейрут шаарындагы портто катуу жардыруу болуп, шаардын жарымы жабыркаган. 

Маалыматта кырсык 70тен ашык адамдын өмүрүн алгандыгы айтылды.

"Болуп өткөн окуяга себепкер адамды тапмайынча жаным жай албайт. Биз аны жоопкерчиликке тартып, аеосуз жазалайбыз. Себеби салмагы 2750 тонна болгон аммиак селитрасы кампада алты жылдан бери жөн эле сакталып жаткан. Акыры ал адамдардын коопсуздугуна коркунуч алып келди", — деди Дияб.

Ошондой эле өкмөт башчы кырсыкты иликтөө боюнча комиссия түзүү сунушун киргизди. Алар 48 сааттын ичинде жарылуунун себептерин аныктап, ага жоопкерчиликтүү адамдарды табышы керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости