www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ливиянын мурдагы лидери Муаммар Каддафинин баласы Сейф аль-Ислам өлкөнүн Зинтан шаарында жайгашкан түрмөдөн чыкты. Бул тууралуу Al-Arabiya телеканалы өздүк булактарына таянып жазат.
Маалыматтарга караганда , буга өткөн айда амнистия боюнча кабыл алынган мыйзам негиз болгон. Ошондой эле, анда Аль-Ислам түрмөдөн чыккандан кийин өлкөнүн чыгыш тарабына багыт алганы да белгиленген.
Ал эми Sky News Arabia маалымат агенттиги Каддафинин баласы мындан 1 ай мурда эле түрмөдөн чыкканын, бирок Зинтан шаарынын жергиликтүү бийлиги тарабынан коюлган айыптоолордун негизинде кайра абакка киргени кабарланган.
Белгилей кетсек, Сейф аль-Ислам Каддафинин экинчи аялынан төрөлгөн улуу баласы. Ал учурда 44 жашта болсо, түрмөгө 2011-жылы Зинтан шаарындагы көтөрүлүшчүлөр тарабынан отургузулган. 2015-жылы Триопол шаардык сот аны “Ливия элине каршы кылган кылмышы үчүн” деп “өлүм жазасына” кескен. Бирок, Зинтандагы көтөрүлүшчүлөр аны борбордук бийликке өткөрүп берүүдөн баш тарткан.
Булак: "5news.kg"