www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурда өлкө боюнча 80 245 ипотекалык батирдин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн "Мурас" турак жай комплексиндеги батирлерди жарандарга тапшыруу аземинде билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, жыл соңуна чейин Бишкек, Ош, Манас, Токмок, Кара-Балта, Каракол, Чолпон-Ата, Балыкчы, Нарын, Талас жана Баткен шаарларында, ошондой эле Нарын облусундагы Кочкор, Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда 20 миңден ашуун батир курулуп, жарандарга берилет.
“Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкы максаты турак жайга муктаж болгон жарандарыбызды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу экенин дагы бир жолу баса белгилейм. Ошону менен бирге, акыркы убактарда коомчулукта ипотекалык батирлердин баасы жөнүндө айтылып жаткан сын-пикирлерге дагы токтоло кетейин. Биз эң оболу алыскы келечекти терең талдап, иш алып баруудабыз”, - деди Садыр Жапаров.