www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы мектеп окуучулары катуу суукка байланыштуу аралыктан окууга өткөрүлдү. Бул тууралуу райондук билим берүү башкармалыгы маалымдады. Буга аба ырайы суук болуп, температура -35 градуска чейин түшкөнү негиз болгон.
Азырынча аралыктан окуу 18-январга чейин жүрөт.
Кыргызстанда мектеп окуучулары эки жумалык кышкы эс алып, бүгүн, 12-январь күнү окууга кайтышты.
Нарын облусунда суук катуу болуп жатканын айтышкан тургундар жыл башында өкмөткө кайрылып, электр энергиясын керектөөнүн лимитин жогорулатып берүүнү суранышкан.
Энергетика министрлиги 9-январда Нарын облусунда лимит мурдагы 189 648 кВт сааттан 264 312 кВт саатка чейин жогорулатылып, электр энергиясы көбүрөөк көлөмдө бериле баштаганын билдирген.