www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Мальтада эс алып жүрүп, каза тапкан 48 жаштагы аялдын сөөгүн мекенине кайтарууга көмөктөшүүдө.

Мекеменин басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлагандай, Италиядагы кыргыз элчилиги маркумдун сөөгүн мекенине кайтарууга байланыштуу зарыл жол-жоболорду уюштуруу үчүн Мальтанын тиешелүү органдары менен байланышкан. Ошондой эле тийиштүү иш-чараларды аталган аймакта жашаган кыргызстандык жарандардын жардамы менен жүргүзүп жатат.

Кыргызстандын Италиядагы элчилиги маркумдун туугандары менен байланышта экени кабарланды.

11-январда Мальта мамлекетинде деңиз жээгинде эс алып жүргөн кыргызстандык аялды толкун тартып кетип каза болгонун, экинчиси жаракат алганын жергиликтүү басылмалар жазган.

Маалыматка ылайык, 48 жаштагы кыргызстандык аялды Сент-Жорж булуңунда толкун тартып кеткен. Анын жанындагы 23 жаштагы кызы ооруканага жеткирилген

Последние новости