www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын аймагында жашылча-жемиш продукцияларынын, анын ичинде коон-дарбыздардын коопсуздугуна мониторинг жүргүзүлүүдө.
Министрликтен билдиришкендей, мониторинг Ысык-Көл жана Чүй облустарында, ошондой эле Бишкек шаарында жүргүзүлүп, соода түйүндөрүндө жана продукцияларды кабыл алуу жайларында көзөмөл күчөтүлдү.
Анын алкагында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жашылча-жемиш саткан үч соода жайындагы продукциялар нитратомердин жардамы менен текшерилди. Ошондой эле сатуучуларга азык-түлүк коопсуздугу жана ветеринардык-санитардык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө ветеринардык коштоочу документтердин болушуна жана алардын аныктыгына, ветеринардык-санитардык экспертизанын корутундуларына, продукциялардын коопсуздук көрсөткүчтөрүнө жана алардагы нитраттардын жол берилген ченемдерге шайкештигине өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле коон-дарбыз жана башка жашылча-жемиш продукцияларынан жеринде үлгүлөр алынып, атайын шаймандардын жардамы менен нитраттардын деңгээлине экспресс-анализ жүргүзүлүүдө