www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
22-июнда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин башкы корпусунда «Маданияттар диалогу: чек арасыз шахмат» аттуу эл аралык командалык турнир өтөт. Бул тууралуу Кыргыз шахмат биримдигинен билдирди.
Турнирге Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын жана Өзбекстандын командалары катышат.
Ар бир курама беш оюнчудан — төрт эркек жана бир аял шахматчыдан түзүлөт.
Мелдештер Эл аралык шахмат федерациясынын (FIDE) эрежелерине ылайык өткөрүлөт. Байге фонду 1 миллион рублди түзөт.
Турнирдин башкы калысы болуп Азиз Умарбеков дайындалган.
Иш-чаранын максаты — шахмат аркылуу өлкөлөр ортосундагы достук байланышты жана маданий алакаларды чыңдоо.