www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

18-июнунда болжол менен саат 18:30 чамасында аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам Манас шаарында нөшөрлөп жааган жамгыр жана катуу шамал бир катар өзгөчө кырдаалдарды жаратты. Бул тууралуу Манас шаардык мэриясынан кабарлашты. 

Кырсыктын кесепетинен 7 көп кабаттуу турак үйдүн чатыры жабыркап, 4 жерде дарактар кулап түшкөн. Андан тышкары, 8 турак үйдүн короосун суу каптаган. Куткаруучулар тарабынан кооптуу чатырлар коопсуз жайларга жылдырылган.

Медицина кызматынан алынган маалыматка ылайык, кулаган дарактардын кесепетинен эки жаран жабыркап, учурда ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө. Алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Суу каптаган аймактарда тазалоо жана сууну чыгаруу иштери жүргүзүлүп, бардык авариялык-куткаруу иштери толугу менен аяктаган.

Кесепеттерди жоюу иштерине Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жана жарандык коргонуу кызматтарынын күч каражаттары тартылган.

Последние новости