www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкө аймагындагы эскирген аялдамалар заманбап аялдамаларга алмаштырылат, деп маалымдады Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы. Маалым болгондой, мындай тапшырманы министр Талантбек Солтобаев берген.
«Көп аялдама дээрлик эскирди. Айрымдары союз мезгилинде курулган. Конструкциялары эскирип, жарандар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шартты камсыздай албай калган. Мындан улам республика аймагындагы эскирген аялдамаларды баскыч менен жаңылап, заманбап аялдамаларга алмаштыруу иши башталды.
Жаңы аялдамалардын долбоорун, конструкциясын жана сырткы жасалгасын "Өндүрүштүк-инновациялар борбору" иштеп чыгууда. Жаңы аялдамалар жакынкы убакытта пайдаланууга берилмекчи», - деп айтылат маалыматта.