www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2025-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы “Түштүк региондорундагы рефералдык ооруканаларда медициналык жабдууларды жакшыртуу” долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы “Түштүк региондорундагы рефералдык ооруканаларда медициналык жабдууларды жакшыртуу” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2026-жылдын 26-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Жогоруда белгиленген Гранттык макулдашуу менен Япония Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине (мындан ары – Министрлер Кабинети) “Түштүк региондорундагы рефералдык ооруканаларда медициналык жабдууларды жакшыртуу” долбоорун Министрлер Кабинети тарабынан ишке ашырууга көмөк көрсөтүү үчүн 1 801 000 000 япон йенине чейин грант берет.

Аталган долбоор Кыргыз Республикасынын түштүк облустарынын рефералдык ооруканаларына жүрөк-кан тамыр ооруларын жана онкологиялык ооруларды дарылоо үчүн медициналык жабдууларды берүү жолу менен жугуштуу эмес ооруларды диагностикалоо жана дарылоо жаатындагы потенциалды чыңдоого багытталган. Бул долбоорду ишке ашыруу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын калкына адистештирилген медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн кыйла жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Последние новости