www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкө аймактарында такси кызматына лицензия берүү күчөтүлгөн тартипте уланууда. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалымдалгандай, такси кызматын жөнгө салуу, адам өмүрүн сактоо, жол кырсыктарынын санын кыскартуу, техникалык кароодон өтпөгөн унаалардын такси катары иштөөсүнө тыюу салуу, айдоочулардын иш убактысын көзөмөлдөө максатында лицензия берүү зарылчылыгы пайда болгон.
Жарандардын кайрылууларын эске алып, такси ишин лицензиялоо мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартылды. Бирок убакыт жылган соң лицензия алууга келген жарандардын саны кескин түрдө азайды. Азыркы учурда ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өлкө аймагындагы бардык бөлүмдөрүндө лицензия берүү күчөтүлгөн тартипте улантылып жатат.
Коюлган талаптарды так сактап, белгиленген убакытта лицензия алган жоопкерчиликтүү, патриот жарандарыбызга ыраазычылык билдиребиз. Ал эми ала электерди акыркы күндөрдү күтпөстөн, азыртан алып коюуну эскертебиз.
Толук маалымат расмий сайтта: