www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 30-январында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бирендер Сингх Ядав менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар социалдык маанидеги долбоорлорду практикалык ишке ашырууга өзгөчө көңүл буруп, кыргыз-индиялык кызматташтыктын кеңири актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Алар соода-экономикалык, саламаттыкты сактоо, маданий жана гуманитардык тармактардагы кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендигин баса белгилешип, жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги, анын ичинде алдыдагы көп тараптуу иш-чаралардын алкагында үзгүлтүксүз саясий байланыштарды сактоонун маанилүүлүгүн белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-индиялык стратегиялык өнөктөштүктү андан ары чыңдоо үчүн биргелешип иштөөгө болгон милдеттенмелерин тастыкташты.