www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
4-июнь жыл сайын белгиленүүчү Кыргыз Республикасынын сот экспертинин кесиптик күнү деп белгиленди. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, мындай чечим өлкөдөгү соттук эксперттин ролун жогорулатуу максатында кабыл алынган. Быйыл Кыргызстанда соттук эксперттин кесибине 59 жыл толду.
Министрлер кабинети билдиргендей, соттук экспертиза атайын билимдерди колдонуунун зарыл процессуалдык формасы катары укуктук мамлекетте абдан маанилүү ролду ойнойт жана сот адилеттигинин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Жарандык, жазык жана административдик иштерди кароонун алкагында тергөө аракеттеринин жана сот өндүрүшүнүн маанилүү элементтеринин бири соттук экспертизаларды жүргүзүү болуп саналат.
Булак: NazarNews.kg