www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва Батышка катуу эскертүү берди

Батыш Киев режимине канчалык узак аралыкка учуучу рекеталык системаларды көп берсе, Орусия дал ошондой жооп кайтарат. Бул тууралуу РФтин тышкы иштер министри Сергей Лавров маалымат жыйын учурунда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтты.

"Батыш Киев режимине канчалык узак аралыкка учуучу ракеталарды берсе, биз нацисттерди Украина менен Орусиянын орус калкына коркунуч туудурган сызыгынан ошончолук алыстатабыз", — деди Лавров.

Буга чейин ТИМ башчысы АКШ Украинага курал-жарак ташып, ал жакта Борбордук чалгын башкармалыгынын жүздөгөн кызматкери иштеп турганын айткан.

Ал эми саясий серепчилер Батыш өлкөлөрүнүн Украинага курал-жарак жагынан жардам бериши Киев кризисин ого бетер күчөтүп жатканын айтып келишет.

Белгилей кетсек, буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин эгер Батыш өлкөлөрү Киевди узак аралыктагы ракеталык системалар менен камсыз кыла турган болсо, анда орус күчтөрү Украинадагы "мурда сокку урулбаган позицияларга" чабуул коёрун эскерткен.

Эске салсак, АКШнын президенти Джо Байден Вашингтон HIMARS жогорку мобилдүү артиллериялык ракеталык системасын Киевге берүүгө макул болгонун, украин бийлиги бул куралды Орусиянын аймагына сокку уруу үчүн колдонбоо тууралуу убада бергенин жарыялаган.

Бул ортодо Испаниянын El Pais гезити жазгандай, расмий Мадрид да Киевге учактарга каршы ракеталарды жана "Леопард" аттуу танктарды берүүгө макул болду.

АКШ Украинага залптык от HIMARS реактивдүү системаларын жеткирүү макулдашылганын жар салган. Бирок Киев аны Орусия аймагына сокку уруу үчүн колдонбошу шарт.

Зеленский элдин көзүнчө коюлган талапты аткара турганын убадалаган. Бирок Жогорку Раданын депутаты Егор Чернев АКШ жөнөткөн ракеталар Орусияга сокку уруу үчүн пайдаланылышы мүмкүн экенин жокко чыгарган эмес. РФ лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков Зеленский Донбасстагы абалды жөнгө салуу боюнча бир да убадасын аткарбаганын эске салып, Москванын Киевге болгон ишеничи эбак жоголгонун билдирген.

Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Үч айдан ашкан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости