www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин эгер Батыш өлкөлөрү Киевди узак аралыктагы ракеталык системалар менен камсыз кыла турган болсо, анда орус күчтөрү Украинадагы "мурда сокку урулбаган позицияларга" чабуул коёрун эскертти. Бул тууралуу кечээ, 5-июнда белгилүү болду.

Бирок анда орус президенти Украинадагы кайсы аймактарга сокку урулушу мүмкүндүгүн так атаган эмес.

"Менимче ал эч нерсени өзгөртпөйт. Деги эле кошумча курал-жарак менен камсыздоо тууралуу ызы-чуу, менимче, бир гана максатты көздөйт. Бул -куралдуу конфликттин мөөнөтүн болушунча узартуу", - деди Путин.

Ошондой эле, Путин АКШнын Украинага берип жаткан жапырт ок атуучу курал-жарактары уруштун нугун өзгөртпөйт деген оюн айтты.

Белгилей кетсек, буга чейин АКШнын президенти Джо Байден Вашингтон HIMARS жогорку мобилдүү артиллериялык ракеталык системасын Киевге берүүгө макул болгонун, украин бийлиги бул куралды Орусиянын аймагына сокку уруу үчүн колдонбоо тууралуу убада бергенин жарыялаган.

Бул ортодо Испаниянын El Pais гезити жазгандай, расмий Мадрид да Киевге учактарга каршы ракеталарды жана "Леопард" аттуу танктарды берүүгө макул болду.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Үч айдан ашкан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости