www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму маймыл чечеги Африкадагы мамлекеттерден башка 27 өлкөдө катталганын билдирди. Уюмдун 5-июндагы маалыматына ылайык, бул өлкөлөрдө илдетти жугузуп алган кишилердин саны 780ге жетти.
Алардын 207си Улуу Британияда, 156сы Испанияда, 138и Португалияда, 58и Канадада жана 57си Германияда аныкталды. Бул илдетке байланыштуу адам өлүмү каттала элек.
Маймыл чечеги көбүнесе Африка өлкөлөрүнө мүнөздүү. Соңку бир канча аптадан бери бул илдет Батыштын бир нече мамлекетинде катталып, тынчсызданууга жол ачты.
Маймыл чечеги менен адамдын ооруп калган биринчи учуру 1970-жылы катталган. Бул диагноз кийин да адамдарга коюлуп, алар Африкадан табылган. Медиктердин айтымында, ал жаныбардан адамга жуккан.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму маймыл чечеги коомдун саламаттыгына "орточо деңгээлдеги" тобокелчилик жаратып жатканын, эгер илдет дагы көбүрөөк адамга жуга турган болсо, анда тобокелчилик жогорулай турганын эскертти.
Маймыл чечеги – сейрек кездешүүчү вирустук инфекция, ал адамдарга да жугушу мүмкүн. Бул, адатта, жеңил оору болуп саналат жана жуктуруп алган адамдардын көбү бир нече жуманын ичинде айыгып кетишет. Бирок кээ бири кыйналышы мүмкүн.
Адистер маймыл чечегин жыныстык жол менен жугуучу инфекция деп эсептебейт. Анткен менен оорулуу адам менен жакын байланышта болгондор жугузуп алышы мүмкүн. Оорунун алгачкы белгилерине ысытма, баш оору, булчуңдардын оорушу, белдин оорушу, лимфа бездеринин шишип кетиши, чыйрыгуу жана чарчоо кирет. Көбүнчө беттен башталып, дененин башка бөлүктөрүнө исиркектер чыгат.
Булак: NazarNews.kg