www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда жаңы автоунааны жеткиликтүү шарттарда сатып алуу үчүн жылдык 8% жана 4% менен жеңилдетилген автонасыя программалары ишке кирди. Анын ичинде Chevrolet Kyrgyzstan тарабынан сунушталган «Жеңил» программасы бар. Бул тууралуу экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
«Жеңил» программасы мамлекеттик жана бюджеттик тармактагы кызматкерлерге арналган болуп, жылдык 4% менен 3 же 5 жылга насыя алууга мүмкүнчүлүк берет (алгачкы төлөм менен же төлөмсүз). Калган жарандар үчүн жылдык 8% менен автокредит жеткиликтүү.
Унаалар Кыргызстандагы алгачкы автоунаа заводу — Тулпар Моторс тарабынан чогултулат, бул рыноктун өсүшүнө жана унаалардын жеткиликтүүлүгүнө оң таасирин тийгизүүдө.
Мисалы, Chevrolet Cobalt моделин насыяга алууда айлык төлөмдөр 4% менен 17 680 сомдон, 8% менен 19 465 сомдон башталат. Программалар жарандарга заманбап унааларды ыңгайлуу шарттарда сатып алууга жаңы мүмкүнчүлүк ачат.