www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунда экстремисттик материалдарды таратууга шектүү жаран кармалганын облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-февралда Чүй облусунун ИИББнын ЭМКАКнын кызматкерлери тарабынан «Facebook» социалдык тармагында жүргүзүлгөн мониторингдин жүрүшүндө «Аза Асанбеков» аттуу аккаунттун колдонуучусу Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган экстремисттик уюмдардын идеяларына окшош материалдарды таратып жаткандыгы аныкталган.

 Бул факт каттоого алынып, соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, изилденген видеожазуу «BURANA INFO» сайтына жайгаштырылганы аныкталган. Аталган сайт тыюу салынган диний уюмдардын маалыматтык ресурсу болуп эсептелет.

 Ошондой эле «Аза Асанбеков» аттуу аккаунт «Turkiston.kg» сайтындагы макаланы өз баракчасына жарыялаганы аныкталган. Аталган сайт Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган жана «Хизб-ут-Тахрир» эл аралык экстремисттик уюмунун пропагандалык маалыматтык ресурсу болуп эсептелет.

 Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Аламүдүн РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 332-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

 Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан аталган аккаунттун ээси — 1987-жылы туулган Ш.А. аттуу жаран аныкталган. Ал Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

 Азыркы учурда тергөө амалдары улантылууда. Экстремисттик материалдарды таратууга тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, кошумча далилдер топтолууда.

 

Последние новости