www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу жана координациялоо бөлүмү терең кайгыруу менен 2026-жылдын 18-мартында 46 жаш курагында Джамансариев Аят Ермекович дүйнөдөн кайтканын билдирет.

Джамансариев Аят Ермекович 1980-жылы 6-декабрда Бишкек шаарында төрөлгөн. 2003-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен «Финансы жана кредит» адистиги боюнча жогорку билим алган. Эмгек жолун ААК «РСК Банкында» бухгалтер кызматында баштап, кийинчерээк Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин экономикалык бөлүмүндө жетектөөчү адис болуп иштеген.

2005-жылдан тартып Дүйнөлүк банктын «Айылдык билим берүү», «Билим берүү тармагындагы реформаларды колдоо», «Келечек үчүн билим берүү», «Окутуунун негиздерин бекемдөө» долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүндө координатор болуп эмгектенген.

Кыска, бирок жемиштүү өмүрүндө Джамансариев Аят Ермекович өзүн жоопкерчиликтүү, эмгекчил жана ак ниет адам, өз ишинин чыныгы профессионалы катары көрсөттү. Анын жаркын элеси, акыл-насааты, жасаган жакшылыктары жана адамгерчилиги жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Последние новости