www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында бүгүн, 19-мартта, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуялардын фонунда Кыргызстандын улуттук коопсуздугун, анын ичинде азык-түлүк жана энергетика тармактарындагы коопсуздукту камсыз кылуу маселелери талкууланды.
Мындан тышкары Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттеринин тизмеси боюнча сунуштарды беришти.
Кеңешменин жыйынтыгында мамлекеттик органдардын жетекчилерине, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине тиешелүү тапшырмалар берилди.