www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын январь айынан май айына чейинки убакта Кыргызстанда 88 зордуктоо фактысы катталды. Бул тууралуу 28-майда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бул көрсөткүчтөн эки эсе көп - былтыркы алгачкы төрт айда 42 зордуктоо фактысы катталган.
Мындан тышкары адамдын ден соолугуна олуттуу зыян келтирүү фактысы да 10,3% көп катталган. Ал эми киши өлтүрүү 7,1% азайган, январь-апрель айларында өлкөдө 52 киши өлтүрүү фактысы катталган.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанда кылмыштуулук шылуундуктун эсебинен улам көбөйүүдө. Быйылкы төрт айда шылуундук мурунку жылга караганда 1,8% көбөйүп, 5267 факт катталган. Ошол эле учурда карактоо жана уурдоо азайган. Уурулук көрсөткүчү 26%, каракчылык 24,2% төмөндөгөн.
Төрт айда кылмышка шектелип 7 700 адам кармалган болсо, анын 66 пайыздан ашууну эч жерде иштебеген жана окубаган болуп чыккан.