www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө бүгүнтөн тарта пенсия жогорулады

Кыргызстанда 1-октябрдан тартып пенсиянын минималдуу өлчөмү 6 миң 900 сомду түздү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Социалдык фонддон билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18%га, эң минималдуу дегенде 1000 сомдон кем эмес суммага көбөйдү.

Белгилей кетсек, учурда өлкөдө 785 миң пенсионер жашайт. Пенсияга аялдар 58 жашында, эркектер 63 жашында чыгат. Алардын басымдуу бөлүгү Ош облусуна туура келет – 149 миң 418 адам, Жалал-Абад облусу – 146 миң, Бишкекте 115 миң киши жашайт. Акыркы 5 жыл ичинде пенсионерлердин саны 670 миңден 785 миң адамга чейин өстү. Ал эми жыл башынан бери алар дагы 30 миң 477 пенсионер менен толукталды.

2021-жылдан тарта пенсия Кыргызстанда бир нече баскыч менен жогорулады. Мисалы, 2022-жылы пенсия орточо 33%га көбөйсө, 2023-жылы пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 30 миң сомго чейин, ал эми пенсиялар 38%га жогорулады. 2024-жылы пенсиялар эки этап менен жогорулатылды, октябрь айынан тарта өлкөдөгү эң аз пенсия 6900 сомго жеткирилди. 1-июлдан тартып пенсиялар пенсиянын толук базалык бөлүгүнө чейин, тагыраагы 3170 сомго жеткирилген. 2024-жылдын 1-октябрынан баштап пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18 %га жогорулап, эң минималдуу дегенде 1000 сомдон кем эмес суммага көбөйдү.

Жыйынтыгында, 2024-жылдын октябрь айынан тарта өлкөдө эң минималдуу пенсия 6 900 сом болду, жалпысынан 3 жыл аралыгында пенсияны жогорулатууга кошумча 60 млрд сом сарпталды.

Ошондой эле III топтогу майыптар үчүн пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү да толугу менен (мурда 50% гана) эсептелет. Мындан тышкары, ата-энесинен ажыраган жетим балдар үчүн пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмү 3 миң сомду, ал эми жетим балдар үчүн базалык пенсиянын өлчөмү 6 миң сомду түздү. Баткен облусунун өзгөчө статуска ээ болгон чек ара аймактарында туруктуу жашаган пенсионерлерге ай сайын пенсиясына 2 миң сомдон компенсация төлөнүп берилет.

Соцфонддон белгилешкендей, болжолдуу маалыматтарга караганда Пенсиялык фонддун 2024-жылга карата чыгымы 99,3 млрд сомду түзүүдө, бул сумма 2020-жылга салыштырмалуу 47 млрд сомго көп.

Последние новости