www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” КР мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 19-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 менен кабыл алынган “Административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына ылайык келтирүү максатында кабыл алынган.

Алсак, кабыл алынган мыйзам төмөнкү ченемдерди караштырат:

– анча оор эмес кылмыштарды жасаганы үчүн мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандарынан добуш берүү мүмкүндүгү алынып салууда;

– эгерде талапкер мамлекеттик же муниципалдык ишкананын жетекчиси болсо, көрсөтүлгөн учурдан тартып шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтото турат;

– эгерде талапкер мамлекеттик саясий кызматчы болсо, көрсөтүлгөн учурдан тартып кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотот;

– ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген шайлоочуларды маалымдоо боюнча зарыл чараларды көрүүнү жогорулатуу бөлүгүндө шайлоо комиссияларга жана маалыматтык материалдарга кошумча талаптар белгиленүүдө;

– кайра уюштурууга алып келүүчү тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктердин чек араларынын өзгөрүшүнө байланыштуу жана (же) администрациялык-аймактык түзүлүштүн жалпы түзүмүнүн өзгөрүшүнө байланыштуу жергиликтүү кеңештер таркатылган учурда президент жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону шайлоо күнүнө чейин 60 календардык күндөн кечиктирбестен дайындайт;

– эмгек келишиминин (контракттын) негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан жумушка алынган кызматкер жергиликтүү кеңештин депутаты боло албайт.

Последние новости