www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда суткасына электр энергиясын керектөө боюнча рекорд кайрадан жаңыланды. Бул тууралуу "Электр станциялары" ААКнын маалымат кызматы билдирди.

Жаңы көрсөткүч кечээ 35,3 миллион киловатт-саатка жетти.

Буга чейинки жайкы рекорддор:

2022-жылдын 18-июлунда — 34 миллион киловатт-саат;

2021-жылдын 7-июлунда — 32,7 миллион киловатт-саат;

2017-жылдын 8-июлунда – 27,2 миллион киловатт-саат;

2012-жылдын 11-июлунда — 21,9 миллион киловатт-саат.

Компаниядан айткандай, бул нерсе жайкысын калктын массалык түрдө кондиционерлерди колдонушу менен мүнөздөлөт.

Энергетиктер келе жаткан күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү үчүн кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости