www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Укук министри Баетов кечээ күнү – кээ бир кыргыз саясатчылары маалымат каражаттарында өтө көп жана туура эмес маалымат бергени үчүн Кыргызстан эл аралык сотто орусиялык «Русгидро» компаниясына уттуруп жатат деп билдирди. Гонконгдогу арбитраждык сот Кыргызстанга каршы алгачкы чечим чыгарыптыр.

Бирок кайсы бир экономикалык ишти карап жатканда, соттор фактыларды талдайт, тиги же бул саясатчы ал тууралуу эмне дегени – ар-намыска тийүү же башка ушул сыяктуу соттордо каралат. Нарын дарыясынын башында ГЭСтер каскадын курууга «Русгидро» ишканасы 37 млн доллар короткон, бирок ишти Кыргызстан өзү токтотуп салган.

Келишимге 2012 жылы кол коюлган, биринчи ГЭСтин биринчи агрегаты 2016-жылы ишке кириш керек болчу, бирок 2015-жылдын декабрында президент Атамбаев – орус ишканасы бул каскадды кура албайт деп чыккан, 2016-жылдын январында Темир Сариевдин өкмөтү келишимди денонсациялап салган. Эгер Кыргызстан эч нерсе кылбастан, 1-2 жыл күтсө, келишимдин шарттарын аткарган жок деп, орус компаниясын сотко Кыргызстан өзү бере алмак.

 

Последние новости