www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалдардын бааларына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Бул тууралуу КРнын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин чечиминин алкагында өлкө аймактарындагы логистикалык чыгымдар жана аймактардын алыстыгы эске алынып, бензиндин, дизелдик күйүүчү майдын жана автогаздын чекене сатуудагы максималдуу баалары белгиленди.

Ага ылайык, АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы Талас облусунда литрине 79,80 сомдон Баткен облусунда 83,40 сомго чейин өзгөрөт. Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жогорку чек литрине 79,90 сом болуп белгиленди.

АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы көпчүлүк аймактарда литрине 88,90 сомдон ашпоого тийиш. Ал эми Баткен облусунда анын эң жогорку баасы 89,90 сом деп аныкталды.

Дизелдик күйүүчү майдын баасы литрине 93,80 сомдон 97,30 сомго чейин белгиленди. Эң жогорку баалар түштүктөгү айрым аймактар үчүн каралган.

Автогаздын (СУГ) баасы литрине 45,80 сомдон 48,80 сомго чейин өзгөрөт. Максималдуу баа Баткен облусунда катталган.

Лейлек жана Чоң-Алай райондору сыяктуу алыскы жана бийик тоолуу аймактар үчүн күйүүчү майды жеткирүүнүн татаалдыгын эске алуу менен өзүнчө тарифтер бекитилди.

Ошол эле учурда өкмөт мунай продуктуларынын дүң бааларынын жогорку чегин да белгиледи:

АИ-92 бензини – тоннасына 860 доллар;

АИ-95 бензини – тоннасына 940 доллар;

дизелдик күйүүчү май – тоннасына 950 доллар;

автогаз – тоннасына 575 доллар.

Эгерде сатып алуу баалары белгиленген чектен ашып кетсе, мамлекет айырманы импорттоочуларга субсидия түрүндө төлөп берет. Бул колдоо механизми 25-майдан 30-сентябрга чейин күчүндө болот.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришкендей, күйүүчү майдын баалары күн сайын көзөмөлдөнүп турат. Белгиленген чектен жогору баа койгон учурларда жоопкерчилик чаралары каралган.

Последние новости