www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия менен мүмкүн болуучу куралдуу жаңжал чыккан учурда НАТО күчтөрү Калининграддагы, Кола жарым аралындагы, Санкт-Петербургдун айланасындагы жана Кара деңиздеги буталарга сокку урушу мүмкүн.
Бул тууралуу Германиянын Аскер-аба күчтөрүнүн командачысы Хольгер Нойманн «The Telegraph» басылмасына берген маегинде билдирген.
Анын айтымында, Германия аскердик операцияларга «каалаган учурда, керек болсо ушул түнү эле» катышууга даяр. Ошондой эле ал НАТО ичинде өзүнчө «коопсуздук аймактары» жок экенин, альянстын бир мүчөсүнө жасалган чабуул бүтүндөй блокко каршы коркунуч катары кабыл алынарын белгилеген.
Ал эми Орусиянын расмий өкүлдөрү НАТО өлкөлөрүнө кол салуу боюнча пландар бар деген дооматтарды бир нече жолу четке каккан. Орусиянын президенти Владимир Путин 6-июнда эл аралык маалымат агенттиктеринин жетекчилери менен жолугушууда мындай билдирүүлөрдү «негизсиз» деп атаган.
«Орусия НАТОго кол салууну каалайт деген ойлор ойдон чыгарылган. Бул таптакыр негизсиз билдирүүлөр», — деген Путин. Анын айтымында, мындай дооматтар аскердик чыгымдарды көбөйтүүнү жана курал-жарак жеткирүүнү актоо үчүн колдонулууда.
Ошондой эле Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков 2025-жылдын декабрында Москва НАТО өлкөлөрүнө кол салбоо боюнча юридикалык кепилдик берүүгө даяр экенин билдирген.