www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 2026-жылдын үчүнчү жумасында (12-январдан 18-январга чейин) курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоонун 15 869 учуру катталган. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти 24.kg агенттигине билдирди.

Маалыматка ылайык, оорунун көрсөткүчү мурунку жумага салыштырмалуу 28,8 пайызга өскөн.

Бардык учурлардын 76,7 пайызы 14 жашка чейинки балдар. 17,4 пайызы (2700 учур) ооруканага жаткырылган.

Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле Баткен, Чүй жана Талас аймактарында оорунун көрсөткүчү жогору болгон.

2025-жылдын октябрынан бери өлкөдө А сасык тумоосу басымдуу түрдө таралып, В сасык тумоосу жана COVID-19 учурлары да катталган.

Последние новости