www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө жаңы окуу жылы 1-сентябрда башталышы мүмкүн

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги окуу жылынын башталышын 1-сентябрга кайтаруу маселесин карап жатат. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Буга ата-энелерден жана мугалимдерден түшкөн арыздар себеп болгон. Алар эски график боюнча сабактар 1-сентябрда башталып, 25-майда акыркы коңгуроо кагылышын суранышкан. Мындан улам комиссия түзүлгөн.

"Эски график кайтарылып, келерки окуу жылы 1-сентябрда башталышы мүмкүн", — деди министрликтен.

Эске салсак, 2021-2022-окуу жылы 15-сентябрда башталып, 8-июнда аяктаган. Окуу жылынын башталышын жылдыруу жайкы туристтик сезондун узартылышына салым кошору айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости