www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Атамбаевдин убагында «Дүйнөлүк диндердин тарыхы» сабагын окутуу концепциясы кабыл алынып, окуу китептердин макеттери даярдалган», - деди бүгүн, 13-июнда, NazarNews маалымат агенттигине диний экстремизм жана терроризм маселелери боюнча адис Орозбек Молдалиев.

- Президенттин мектептерге дин тарыхынан сабак киргизүү боюнча жарлыгы чыкканы коомчулукта түрдүү пикирлер айтылууда. Бул маселе боюнча кандай пикирдесиз?

- Бул идея президент Атамбаевдин убагында «Дүйнө диндеринин тарыхы» сабагын окуталы деп, концепция кабыл алынып, окуу китептердин макеттери даярдалып, мугалимдер специализациядан өткөн. Пилоттук мектептер тандалып алынып, окутуу башталган.

Жыйынтыгы боюнча билим берүү министрлиги чечим чыгармак. Бирок эмне болгону белгисиз. Бизде адегенде теолог менен религиоведдин (дин таануучунун) айрымасын ачып, түшүнүү керек. Себеби окуу программаларында эл арасында айтылып жаткан кооптонуулар, шектенүүлөргө негиз бере турган калпыстыктар болушу ыктымал.

Мамлекеттин дин саясатынын багыттарында дин таанууга, диний сабаттуулукка тарбиялоого көңүл буруу керектиги белгиленген. Маселе ошону сапаттуу ишке ашырууда - бул кыйла аракеттерди талап кылат. Жыйынтыктап айтканда, бизде жакшы башталыштар көп эле болуп, бирок натыйжасыз калып калчу эле... Буга чейин да диний билим берүү системасын реформалообуз жакшы башталып, анан токтоп калган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости