www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдөгү айрым банктар доллар сатууну токтотту

-«Tazabek» маалымат агенттигине окурмандардын бири кайрылып, Кыргызстандагы банктарда доллар сатылбай жатканын билдирди. «Tazabek» бул маалыматтын чын-төгүнүн билүү максатында өлкөдөгү эң ири 10 банкка кайрылды.

Алардын бири Улуттук банк долларды сатууга тыюу салганын билдирди. Бирок Улуттук банктан долларга байланыштуу эч кандай чектөө киргизишпегенин айтышты. «Кыргызкоммерцбанктан» долларды сатууга чектөө киргизилбегенин, бирок 1 миң доллардан ашык акчаны сатып алууда банк менен макулдашыш керек экенин маалымдашты. «РСК Банктан» бир колго 1 миң доллардан ашык акча берилбей турганын айтышты.

Ал эми «Оптима Банктан» бир колго 100 доллар гана берилерин билдиришти.

«Демир Банктан» да 50 миң сомдон ашык акчаны долларга алмаштыруу мүмкүн эмес экенин белгилешти.

«ЭкоИсламикБанктан» учурда аларда доллар жок экенин айтышты.

«Халык Банк» да доллар сатпай эле. «Азырынча доллар качан жеткиликтүү болору белгисиз», - деди банктын адиси.

«Азия Банкта» да доллар сатылбай эле. «Доллар жок. Качан жеткиликтүү болору белгисиз. Бул жумада банкта доллар жок болду», - деп билдиришти компаниядан.

Ал эми «Бакай Банктан» доллар сатууда эч кандай чектөө жок экенин, бирок аны сатып алуудан мурун филиалдардан доллардын бар-жогун сураш керек экенин айтышты. «Эгерде доллар болсо, сатышат. Чектөө жок», - деп айтышты

«Бакай Банктан». «Финка Банкта» доллар сатуу убактылуу токтотулган. «Кайсы филиалга барбаңыз, доллар сатып ала албайбыз», - деп жооп берди банктын адиси.

«Айыл Банктан» болсо Улуттук банк долларды сатпоону буйруганын билдиришти. «Тилекке каршы, доллар сатуу убактылуу токтотулду. Бүгүнкү күндө доллардын дефицити байкалып жатканына байланыштуу Улуттук банктан ушундай буйрук келген.

Которулган акчаны ала аласыз, бирок 300 долларга чейин гана. Биздин кассаларда доллар жок», - деп жооп беришти «Айыл Банктан».

Булак: NazarNews.kg

Последние новости