www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Орой сүйлөбөй эле кебез менен эле «мууздап» койсо болот», - деди бүгүн, 22-апрелде NazarNews маалымат агенттигине легендарлуу парламенттин депутаты Жамин Акималиев.

- Жамин агай, 7-чакырылыштын депутаттарынын деңгээли, дээри байкалып калдыбы?

- Ооба, байкалып калды. Бирок, мезгил-тараза деген кеп бар эмеспи, дагы байкай туралы.

- Кагазга жазып алып каяша кайрыган же болбосо урушкан депутаттар буга чейин болду беле?

- Болгон эмес, бул нонсенс.

- Эмнегедир Адахан Мадумаровдун сөздөрүнө көпчүлүк депутаттар теригип жатат?

- Теригип жатканынын себеби, Мадумаров дайыма курч сүйлөйт. Ошону менен бирге мен Адаханга мындан ары орой сүйлөбөй, өзүңдөй эле болгон депутаттардын намысына тийбей жүр деп айтаар элем. Кээде, орой сүйлөбөй эле кебез менен эле «мууздап» койсо болот.

- Баса, депутат болуш үчүн жогорку билим талап кылынышы керекпи?

- Жогорку Кеңештин депутаты болуш үчүн сөзсүз жогорку билим керек. Бекеринен «билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат» деп эл айтпайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости