www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук — унаа жол" өткөрмө бекетинде 20,9 миң доллар акчаны өлкөдөн мыйзамсыз чыгарып кетүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу ек ара кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандан Өзбекстанга бара жаткан 35 жаштагы Н.С. аттуу кыргыз жаранынан 20,9 миң доллар акча табылган. Аталган жаран чет элдик валютаны декларациядан өткөрбөй, чек арадан алып өтүүгө аракет кылган.

Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган жаран жана акча каражаттары андан ары териштирүү иштери жүргүзүлүшү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости