www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Электросамокат тебүүнү жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин расмий сайтында коомдук талкууга коюлду.
Мыйзамдын долбоорун депутат Марлен Маматалиев иштеп чыккан, анын негизги максаты жана милдети электросамокаттар, самокаттар, гироскутерлер жана башка ушул сыяктуу түзүлмөлөрдү (мындан ары - жеке мобилдүүлүк каражаттары) эксплуатациялоо менен байланышкан маселелерди мыйзамдык жөнгө салуу аркылуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу саналат.
Документте айтылгандай, расмий эмес маалыматтар боюнча, бүгүнкү күндө Бишкек шаарында дээрлик 30 миң жеке мобилдүүлүк каражаттары бар жана бул сандар күн сайын өсүп жаткандыгы белгиленет.
Жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам алдындагы актыларды даярдоодо жеке мобилдүүлүк каражаттарын пайдалануу менен байланышкан мамилелерди кылдат изилдөө жана аларда төмөнкүлөрдү караштыруу пландалууда:
- жеке мобилдүүлүк каражаттарын пайдалануучу адамдар атайын бөлүнгөн тилке/сызык боюнча, ал эми ал жок болгон учурда транспорт каражаттарынын кыймылынын багыты боюнча жолдун жээгинин оң чети менен жүрө алат;
- жеке мобилдүүлүк каражаттарын пайдаланган адамдарды караңгы мезгилде жолдон өтүүдө жана жүрүүдө же жетишердик эмес көрүнөөлүк шарттарда байкалбай калуу тобокелдигин азайтуу жана жол-транспорт кырсыгынын келип чыгуусун болтурбоо үчүн аларды жарык чагылдыруучу элементтери бар бардык зарыл предметтер менен жабдууга милдеттендирүү;
- жеке мобилдүүлүк каражаттарын ижарага берүү пункттарынын менчик ээлери (жеке жана юридикалык жактар, жеке ишкерлер) жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча инструктаж өтүүгө, ошондой эле жеке мобилдүүлүк каражаттарын талаптагыдай техникалык абалда сактоого милдеттүү;
- эгерде жеке мобилдүүлүк каражатынын бузуктугу жол-транспорт кырсыгына себеп болсо, анда аларды жол кыймылынын катышуучулары тарабынан пайдалануунун кесепеттери үчүн жоопкерчилик КР мыйзамдарына ылайык ошол жеке мобилдүүлүк каражаттарынын менчик ээлерине жүктөлөт;
- жол кыймылынын бардык катышуучуларынын өмүрүн жана ден соолугун коргоо жана жол-транспорт кырсыктарынын келип чыгышын болтурбоо үчүн зарыл болгон башка иш-чаралар.
Мыйзам долбоорунун толук версиясы менен бул жерден таанышууга болот.
Булак: NazarNews.kg