www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдүн Сокулук районунда аял кичинекей балдарын сатып жиберген. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сокулук РИИБине аталган айылдын тургуну А.А кайрылып, балдары менен тил табышууга тоскоолдук кылган жаткан мурунку жубайы 2001-жылы туулган Д.Н.га чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Бул факты Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө, жаран Д.Н. 2021-жылдын 7-мартында Д.Д аттуу кызды төрөп, аны Москва районунун тургунуна сатып жиберген, 2022-жылдын 28-апрелинде К.Т. аттуу уул төрөп «К» аттуу жаранга сатып, 2023-жылдын 16-мартында кыз төрөп, аны «М» аттуу жаранга сатып жиберген.

Бул фактынын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренесинин (балдарды сатуу) негизинде кылмыш иши козголду.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Д.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Сокулук районунун тергөө судьясы Д.Н. камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Учурда бардык балдардын жүргөн жери аныкталып, бардык зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлдү.

Кылмыш иши боюнча тергөө уланууда.

Булак: NazarNews.kg 

 

 

Последние новости