www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын курама командасы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында медалдар боюнча эсепте 3-орунду ээледи.

16-24-сентябрь күндөрү Сербиянын Белград шаарында күрөштүн эркин, грек-рим жана кыз-келиндер түрү боюнча дүйнө биринчилиги өттү. Өлкө намысын коргогон балбандардын беш медаль утушу Кыргызстанды алдыңкы үчтүккө киргизди.

Биринчи орунда Япония — 6 алтын, 3 күмүш, 3 коло;

Экинчи орунда АКШ — 4 алтын, 3 күмүш, 7 коло;

Үчүнчү орунда Кыргызстан — 3 алтын, 1 күмүш, 1 коло.

Улуттук команданын артында Иран, Азербайжан жана Россия мамлекеттери турат. Ал эми коңшулардан Кытай сегизинчи, Казакстан тогузунчу, Өзбекстан жыйырманчы орунга илешкен. Тажикстан бир дагы медаль ута алган жок.

Белгилей кетсек, дүйнө чемпионатынан Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков алтын, Айпери Медет кызы күмүш жана Тайырбек Жумашбек уулу коло байге жеңди. Ошону менен бирге эле 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиадага төрт жолдомо алышты. Жумашбек уулу олимпиадалык эмес салмак категориясында күрөшкөн, андыктан ага лицензия берүү каралган эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости