www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада кыргызстандык 23 жаштагы жигит алдамчылыкка шектелүүдө. Бул тууралуу Россиянын Mash-Telegram каналы билдирди.

Маалыматка караганда, ал жердештерине үйлөнөм деп, кыздыгынан ажыратып, карызга акча алып, алдап жүргөн.

22 жаштагы сатуучу Эльвира Нурисламга каршы полицияга кайрылган (ал өзүн ошентип тааныштырган). Анын айтымында, алар эки ай мурун таанышып, мейманканада чогуу түнөшкөн. Шектүү банк картасын унутуп калганын айтып, кызмат акысын Эльвира төлөгөн. 

Жигит кыздын артынан калбай ээрчип, үйүнүн жанынан күзөтүп, карызга акча алып турган. Ушундай жолугушуулардын биринде Нурислам подъезде уктап калган. Ал уктап жатканда Эльвира телефонун алып, өзүн башка ысымдар менен тааныштырган ар кандай кыздар менен ондогон кат алышууларын таап алган. Ошондон улам Эльвира аны менен уруша кетип, 20 уктатуучу дары ичип алган. Бирок кийинчерээк ал өз жанын кыюу жөнүндөгү оюн өзгөртүп, өзүн-өзү кустурган. Ушул окуядан кийин алар эки жолго түшүшкөн. 

Бирок бир канча убакыттан кийин жаштар кайра жолугуп, чогуу түн өткөргөндөн кийин Эльвира Нурисламдын үстүнөн арыз жазган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости