www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акылбек Жапаров айткан сөздөрү үчүн жооп бере алабы?

Эсибизде болсо, мындан эки жыл мурда, өкмөт башчылык кызматка дайындалып жатканда, Акылбек Жапаров бюджеттин киреше бөлүгүн 500 миллиард сомго чейин жеткирерин айтып, убадаларды катуу берген. Бул үчүн туура  эки жылдык мөөнөт берүүнү дагы суранган. Ал учурда мамлекет башчысы Садыр Жапаров дагы мындай оор жүктү өз мойнуна алып жаткан фамилиясы окшош адам жалгыз кандидат экендигин айтып, негизги басымды ага койгон. Ошол себептен, ал өзүн ишинде көрсөтүү үчүн мүмкүнчүлүк берилген.

Бүгүн болсо, Кыргызстандын бюджетинде абдан чоң таңкыстык бар. Өлкөгө акча керек, Акылбек Үсөнбековичтин мөөнөтү өтүп баратат. Ал болсо өзүнүн кызмат ордун бошотуп бергиси да жок – креслосуна бекем жабышып... Анын укмуштуудай акылы акыры бир айла таап чыкты – Казакстандын бир мыйзамы көчүрүлүп келип жана Кыргызстан үчүн кайрадан иштелип чыкты. Бул ашыкча кирешелер боюнча мыйзам. 

Бирок, Казакстанда бул мыйзам элге таандык болгон жер казыналарынын жогорку пайдалары тууралуу сөз болгон тоо-кен казуу тармагына тиешелүү болсо, Кыргызстанда бул мыйзам өлкөбүздүн банк тармагына колдонуу үчүн сунушталган. Кошуналарыбызда гана пайдалуу кендерди жана углеводороддорду казып алуу менен көбүнчө чет өлкөлүктөр алектенет. Ал эми Кыргызстанда банктардын абсолюттук көпчүлүгү – бул биздин, ата мекендик капиталдарыбыз. Тиешелүү түрдө, казактарда кайра орду толбогон кен байлыктарды иштетишкен чет элдиктер салык төлөөгө тийиш. Жана биздин коңшулар акылдуулук кылышкан – аларда ашыкча кирешеге болгон салык прогрессивдүү шкала боюнча жылып тургандай болуп иштелип чыккан. Жыйынтыгында – буга окшогон шарттарда дагы Казакстан Республикасында ашыкча кирешеге болгон салык биздин премьер тарабынан КР банктары үчүн сунушталган салыкка караганда 3-5 эсеге төмөн. А. Жапаров ушундай жол менен өзүнүн эле мекендештерин аңга түртүп салгысы келет, кыязы, жигит айттыбы – жигит аткарды дегиси келет окшойт. А эгер ал бүтүндөй тармакты талкалап салса эмне болот – бул тууралуу эч кандай ойлонгон да жок! Башкысы, күн өтүп жана түндөн аман чыкса болду. Бизден кийин сел каптап кетсе дагы бары бир!

Акыркы фразаны Франциянын королунун өз элин таптакыр ойлобостон, жаңы жибектер жана азем көйнөктөрү менен короосунун алдында жылтылдап турсам болду деген сүйүктүүсү – маркиза Де Помпадурга карата жазышкан. Анын мындай сылаң короздугунун кесепетинен өз өлкөсүнүн келечеги үчүн түздөн-түз күрөшкөн Франциянын башчысы ээрден шыпырылган, бирок бары бир банкрот болуу алдында аны өзүнүн мураскору катары калтырган… Жана бул айымдын иш-аракеттери анын падышалыгын төңкөрүшкө, монархияны кулатууга жана республика орнотууга жакындаткан учкундардын бири болгон. 

Бүгүнкү реалдуулукка кайрылалы. Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин башчысынын көңүлү бүгүнкү күндө бүтүндөй банк тармагына бурулуп, анын ою боюнча, ал жакта акчаны күрөктөп сузуп алып жатышкандай. Айтымында, Украинада болуп жаткан окуялардын фонунда өз толкундарын кармап алышып, ошондуктан өзү убада кылган мамказнанын киреше бөлүгүн көтөрүү үчүн так силердин майыңарды сыгып алам дегендей. Ал эми 2020-жылы карантинге байланыштуу бардыгы үйдө отуруп калганда, банктар накталай акча менен кырдаалдан чыгарышкандыгын бүгүн унутуп калууга мүмкүн эмес! Ошондой эле, акылдуу көрүнгөнсүгөн адам (Акылбек деген аттын өзү эле эмнеге татыйт) экономиканын негиздерин бузуп жана өлкөнүн Конституциясынын принциптерин тебелеп жатат. Ал эми Негизги мыйзам бардыгынан жогору турат! Бирок азыр биринчи кезекте анын Кыргыз Республикасы экономикалык ишмердүүлүктүн ар кандай түрлөрүн өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт жана улуттук экономиканын кызыкчылыктарын коргойт» деген 17-беренеси жабыркап жатат.

Чынын айталы, дүйнөдөгү бүгүнкү кырдаалда биздин банктар жолдуу болду, жана алар аны пайда алуу үчүн сабаттуулук жана акылдуулук менен пайдаланып, ошол эле учурда мамказынага ири суммадагы салыктарды төгүштү. Бирок бул, ошондой эле, негизинде Акыйкаттык принциби турган өзүбүздүн, атамекендик Салык мыйзамын бузууга себеп болбошу керек! Жана КР Салык кодексинин 10-беренесинде «Кыргыз Республикасынын аймагында салык салуу жалпыга бирдей болуп саналат» деп так жазылган. Өзүнүн иш-аракеттери менен биздин премьер так ушул банк тармагын ашыкча пайдага кошумча салык салууда бөлүп көрсөтүү менен Ата мекенибиздин акыркы деп саналбаган бул мыйзамдарын бузууда. Ошол эле учурда, өзүнө карата рекорддук сандагы санкциялар киргизилген Россияда өз мыйзамдарын аттап өтүшпөйт, анткени ар кандай мамиле экономиканын ар кандай тармактары үчүн бирдей эмес натыйжа берет жана ошол эле адилеттүүлүктүн көрсөтүлгөн принциптерин бузат. 

Ал эми «Атаандаштык жөнүндө» КР мыйзамынын 9-беренесинде жалпысынан «...Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чарба жүргүзүүчү субъекттердин өз алдынчалыгын чектеген актыларды алууга жана/же аракеттерди жасоого, айрым чарба жүргүзүүчү субъекттердин иши үчүнкысымга алган же ыңгайлуу шарттарды түзсө, эгерде мындай актылар жана/же аракеттер атаандаштыкты болтурбоого, чектөөгө же жоюлууга жана/же чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана/же жеке адамдардын кызыкчылыктарын кысымга алууга алып келсе же алып келүүгө мүмкүн болсо тыюу салынат» деп ачыктан ачык жазылган. 
Ошентсе дагы биздин бийлик бутактарында карама-каршылыктар уланууда. А.Жапаров бул жагдайды унутуп же кол шилтеп, тоготпогондой – КР Улуттук банкынын коммерциялык финансылык мекемелерге карата кийинки жылы уставдык капиталдарын 800 миллион сомго көтөрүү жана 2026-жылга бир миллиардга көтөрүү жөнүндө талабы. Жана бүгүнкү күндө атамекендик банктар алган пайда, негизинен, дал ушул максаттарга жумшалат. 
Анткени 2022-жылга чейин биздин банкирлердин кирешелери тешик мурун сыяктуу болгон үчүн өлкөдөгү дээрлик бардык банктардын кожоюндары банктарын сатып жиберүүгө даяр болуп калышкан. Бүгүнкү күндө мындай кадамга банктардын жарымы (!) даяр турат. Бул дагы өлкөнүн коопсуздугуна, эгер анын экономикасынын олуттуу тармагы сырттан башкарылса, коркунуч жаратат. Же өлкөдөгү бийлик башында тургандар банктардын жаалдуу аманатчылары менен каршы турууга туура келет. 

Андыктан, бизди Батыш дагы санкциялар менен коркутуп жатканы бекеринен эмес. Анткени, Россиянын көйгөйлөрүндө, бүгүн банктар эле өзүнүн май шыбалган үзүм токочуна ээ болгон жок. Бүгүнкү күндө соодадан жана Россияга өзүнүн товарларын жеткирүүдөн же кызматтардан саналуу гана тармактар өз гешефттерин албайт. Негизинен, алар деле мурдагы жылдардагы өз ишмердүүлүгүн салыштыра келгенде, ашыкча пайда жөнүндө айтса болот. Бирок аларга биздин премьер тийишпейт, анткени дароо эле Өкмөт үйүнүн алдында митинг болот. А банкирлер болсо публикага ойнобойт, алардын ишинин өзгөчөлүгү жана менталитети ызы-чууну жактыра бербейт. Бирок бул аларды каалаганындай калчай берсе болот дегенди билдирбейт.  

Кыргызстандын коммерциялык финансы мекемелеринин ашыкча кирешелери тууралуу сөз кылуу алардын иш тартиби жана мыйзамды сактагандыгынын фонунда айтылды – алар көзөмөл органдарына толугу менен ачык-айкын. Эми болсо, бул багытта жогорулатылган чыгашалары менен «боз» эсеп-кысап кайрадан пайда болушу мүмкүн. Кыргызстан ансыз да коркунучтуу чекке келип такалды – салыктын жогорулашы. Катардагы жумушчу, мисалы, миң сом «таза» эмгек акысын алышы үчүн иш берүүчү мамлекетке кошумча түрдө – Соцфондго болгон төлөмдөр + киреше салыгы болуп – 447,56 сом же 44,75 пайыз бериши керек! Ушундан кийин экономиканы көмүскөдөн кантип чыгарууга болот???... Ошол эле учурда, биздин Минкабдын башчысы өжөрлөнө этибарга албай же жылма шкаланы жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн, кирешелердин градациясын ж.б. көрүүнү каалабайт. 

Дүйнөлүк практикада инвестиция тууралуу чечим кабыл алардан мурда, бул же тигил өлкөдөгү банктардын абалына көз салуу каралган. Банк тармагында абал тынч эмеспи? Демек, ал өлкөдө иш кылып кереги жок! Биздин кырдаалда, тармактагы кризисти өзүбүздүн бийликтегилер жаратууну көздөшүүдө... Мунун бардыгы кыскача гана, окурмандарды жадатма жана узун сандар менен жадатып албоо үчүн айтылды.

Ошондой эле, дүйнөлүк экономика кубулма жана алдын ала айтылбаган нерсе. «Ай алдында эч нерсе түбөлүктүү эмес» же кырдаал каалаган учурда өзгөрүп кетиши мүмкүн. Эртең, мисалы, экономиканын кайсыл бир башка тармагы иштебей калат, анан эмне, аны ашыкча пайда боюнча айыптап жана салык менен муунтушабы?
Бүгүнкү күндө Борбордук Азияда көптөрү Чынгызхан сыяктуу тарыхый инсан катары элес калтырууга жанталашып жатышат. Анын мыйзамдар жыйнагы – Яса, актылардын уникалдуу жыйнагы болуп саналат. Бүтүндөй ааламды солкулдаткан улуу адам өзү жеңген элдин эсинде канкор эле эмес, адилеттүү адам катары да сакталып калган. Ал өзүнүн уруулаштарына бир эмес, бир нече жолу айткан – басылып алынган элдерден бардыгын тартып алууга болбойт. Эгер алар бүгүн өлүп калышса, анда эртең биз өлөбүз! Анткени биз жегенге эч нерсе калбайт… Ошон үчүн анын адамзат тарыхындагы эң чоң империясында бирдиктүү салык болгон – ондук ханга берилген жана дагы бир ондук – каганаттын казынасына. Аталган төлөмдү бардыгы – монголдор да, жана алардын кол алдындагылар да төлөшкөн. Чогултуучулар да ашыкча ала алышкан эмес, болбосо алар өздөрү жазаланышкан. Жана соодадагы бирдиктүү эреже анын бүтүндөй империясында таасирдүү болуп, ар кандай өлкөлөрдөн келген соодагерлердин коопсуздугу сакталган.
   
Лирикадан четтеп, акырында суроо бергибиз келет: Акыл-эстүү ой жүгүртүү кайда? Логика кайда? Өзүбүздүн Конституциябыздын бузулушуна жана Адилеттүүлүктүн тебеленишине тыюу салуу кайда? Айрыкча аткаруу бийлиги тараптан.

Булак: https://t.me/made_in_kg

Последние новости