www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгиндин тегерегиндеги талаш-тартыштардын айынан Киев Варшаваны экономикалык санкциялар менен опузалады. Андай жорукка жооп катары поляктар курал менен жабдуудан баш тартып, украиналыктарга мындайды уланта беришсе европалык келечегинен кол жууп каларын эскертишти.

Михаил Катков

Мындай кайым айтышуулардын аягы эмне менен бүтөрүн Михаил Катков боолголоп көргөн. Автордун мындай мазмундагы макаласын РИА Новости сайты жарыялаган.

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында сөз сүйлөгөн Польша президенти Анжей Дуда Украинаны өз куткаруучуларын түпкүргө тартып жаткан "сууга чөгүп бараткандарга" салыштырды. "Аларга капа болуунун кажети барбы? Албетте, бар. Ал түгүл кыжырданууга да болот", — деп белгиледи Дуда. Ошону менен бирге эле Польша "сууга чөккөндөн" коргонууга ниеткер экенин кошумчалады.

Зеленский да ошол эле трибунадан Европада "айрымдар эгин менен камсыздоону триллерге айлантып, саясий театрда шериктеш катары оюн аткарышканы" катуу кооптондурарын билдирди. Андай аткаруучулар Россияга эрксизден кол кабыш кылып жатышкан имиш.

Кеп кимдин дарегине айтылганы айдан ачык болуп турса да Варшаванын өкүлү Петр Мюллер: "Сөз биз жөнүндө эмес деп үмүттөнөм", — деп койду. БУУнун Башкы Ассамблеясынын чегинде Зеленский менен Дуда жолугушкан жок. Эки тараптын лидерлери Нью-Йоркто сөз сүйлөп жаткан маалда Украинанын экономика министринин орун басары Тарас Качка Польшадан пияз, помидор, капуста жана алма импорттоого тыюу салынганын маалымдады. Мындай кадам украиналык эгин, ун жана дан азыктарына салынган эмбаргого жооп иретинде жасалды.

"Украина бизге таасир эте албайт", — деди дароо Польшанын Европа биримдиги боюнча министри Шимон Шинковский вель Сенк. Варшавалык эксперттер украиналык эгинден сальмонелл, пестицид жана миотоксиндерди таап чыкты. Аталган европалык мамлекеттин башкы ветеринары Украинадан импорттолгон азыктарда зыяндуу заттар январдан май айына чейин аныкталган.

Шинковский вель Сенк Польша Киевди колдоосун басаңдатууга даяр экенин эскертти. Бул – коомчулуктун талабы, буга сурамжылоолор далил. Варшава университети жакында эле "Украинадан качкындарды, мигранттарды жана Польша мамлекетинин аракеттерин социалдык кабылданышы" деген сурамжылоолордун жыйынтыктарын жарыялады. Январдагыга караганда май айында украиналыктарга карата мамиле 13 пайызга начарлаган. Көпчүлүгү келгиндер алардан жумуштарды тартып алып жатат деп эсептейт.

Премьер-министр Матеуш Моравецкий курал менен жабдуу токтотуларын кабарлады. Баарынан оболу өз коопсуздугун ойлонуу абзел: Европада эң күчтүү түзүмдөрдүн бирине айлантуу үчүн армияны заманбапташтыруу кажет.

Өз кезегинде айыл чарба министри Роберт Телустун айтымында, Варшава Киевдегилер эгин эмбаргосуна моюн сунмайынча Украинанын европалык интеграциясына макулдук бербей турганы анык. Польшалык министр Европа биримдигине кошулуу үчүн Киев буга кайыл болот деп эсептегенин да жашырбады. Мюллер экономикада ар ким өз киндигин өзү кесерин да жашырбады.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости