www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2021-жылдын 12-октябрынан 2022-жылдын 19-январына чейинки мезгилде КРнын министрлер кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынан дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды ташып чыгууга тыюу салуу жөнүндө чечими кабыл алынды.

Жалпысынан өндүрүш үчүн чийки заттын жетишсиздигине жол бербөө максатында төмөнкүдөй тыюу салуулар киргизилген:

- Кыргыз Республикасынан Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары жыгач жана жыгач материалдарын ташып чыгууга (экспорттоо) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-ноябрындагы №282 токтому);

- Кыргыз Республикасынан дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды ташып чыгууга (Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы №14 токтому);

- Иштетилбеген, же одоно майдаланган, таарып кесилген же башка ыкма менен тик бурчтуу, чарчы формадагы блок же такталарга бөлүнгөн акиташ-ракушечникти Кыргыз Республикасынын аймагынан сыртка ташып чыгарууга (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №316 токтому);

- Баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган сырьёлук товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга сандык чектөөлөрдү киргизүү (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы No 335 токтому).

Булак: NazarNews.kg

Последние новости