www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров Кытайга барат. Эмнелер талкууланат?

Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын (КЭР) төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен 3-февралдан 6-февралга чейин иш сапары менен КЭРде болот. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев билдирди.

Анын айтымында, иш сапардын алкагында мамлекет башчысы Пекин шаарында өтө турган кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышып, Си Цзиньпин менен жолугушат.

Жолугушууда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө үстүбүздөгү жылы белгиленип жаткан Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы 30 жылдык дипломатиялык кызматташтыктын жыйынтыгы чыгарылып, мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечеги тууралуу сөз болот.

«Талкуулана турган негизги маселелердин бири, Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан эл аралык темир жол линиясын куруу перспективасы болмокчу.

Соода-экономикалык кызматташуунун алкагында кыргыз тарап “Эркечтам” жана “Торугарт” өткөрмө бекеттеринин мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, өлкөлөр ортосундагы аба каттамдарын жандандыруу маселелерин көтөрөт. Мындан тышкары кыргыз делегациясы энергетика, тоо-кен, айыл чарба жана билим берүү тармактарында бир катар долбоорлорду улантууну ниеттенип, инвестициялык кызматташуу маселелерин талкуулоого даяр», - деди Жээнбек Кулубаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости