www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Манас» бажысынын кызматкерлери УКМКнын 6-Башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте «Түрк аба жолдорунун» Бишкек-Стамбул-Нью-Йорк каттамындагы жүргүнчүлөрдү текшерүү учурунда АКШнын жараны К.Т.нын жүгүнүн арасынан документи жок баалуу картиналар табылган. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

 

Маалыматка караганда, жүктү текшерүүдө чемодандын ичинен иконалар түрүндөгү декларацияланбаган буюмдар, ошондой эле ассортименттеги сүрөттөр: 1 даана жыгач рамкадагы сүрөт, 4 даана чоң иконалар, 4 даана жыгачтан жасалган кичинекей иконалар, 3 даана кичинекей металл иконалар, 4 даана кагаз рамкалар, кагазга түшүрүлгөн 4 картина, 1 китеп (Орус иконасынын модерни), 1 штамп (Василий Павлович Гурьяновдуку), 2 картинанын бөлүгү табылган. Баарынын тиешелүү документтери жок болгон.

КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги комиссиянын корутундусунда кармалган буюмдар ташылып кетүүгө болбой турганы айтылат. Анткени алар маданий баалуулукка ээ жана уникалдуу, ошондой эле тарыхый-маданий мааниге ээ болушу мүмкүн.

Буга байланыштуу топтолгон материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, маңызы боюнча кароо үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилген.

Булак: NazarNews.kg 

 

 

Последние новости