www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Этнос-аралык мамилелер боюнча эксперт Зайырбек Эргешов: Советтик мезгилде «улут» деген түшүнүк бизде эл аралык чөйрөдө колдонулган мааниден башкача калыптанып калган. Советтер союзунда жана Кыргызстанда дагы эмгиче ар бир этносту улут деп атап, улут деп кабыл алат, дүйнөдө болсо улут деген – мамлекет. Ошондуктан дүйнөдөгү бардык мамлекеттерди бириктирген уюм – «Бириккен мамлекеттер уюму» эмес, ал – «Бириккен улуттар уюму», «кыргыз улутуна» болсо – Кыргызстанда жашаган бардык этностор кирүүгө тийиш.

«Улутчулдук» деген түшүнүк дагы советтик мезгилден бери бизде терс кабыл алынып келет. Чындыгында болсо «улутчулдук» 3 башка түрдө болушу мүмкүн – либералдык улутчулдук, фашисттик улутчулдук жана марксисттик улутчулдук. Мамлекеттин ийгиликтүү өнүгүшү үчүн, аны башкаруу иштерине коом кеңири түрдө катышып, «инклюзивдик» тартип орноткон жакшы. Диний же империялик тартип учурунда коом мамлекеттик башкарууга катыштырылбайт, ошол себептен илгерки империялар тарап, алардын ордуна улуттук мамлекеттер келген.

Последние новости