www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөнү газдаштыруунун деңгээли 40%га жетти

 Жыл башынан бери өлкөнү газдаштыруунун деңгээли 40%га жетти. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, учурда Бишкек шаарынын Ак-Босого конушунда, Чүй облусунун Новопокровка айылында курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.

“Өлкөнү газдаштыруунун деңгээли былтыр 38% болсо, 2024-жылдын жарым жылдыгында 40%га жетти. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын Эне-Сай, 69-Га, Селекция конуштарында долбоорлоо-изилдөө иштери аткарылып жатат”, - деди ал.

Таалайбек Ибраев белгилегендей, 6 айда “Газпром Кыргызстан” тарабынан жаратылыш газын сатуунун көлөмү 263,8 млн куб метрди түздү. Бул көрсөткүч 2023-жылдын ушул мезгилинде 208,3 млн куб метр болгон. Жалпысынан жаратылыш газын сатуу 26%га өскөнү байкалды.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости