www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Окуучуларга технопарктын лабораторияларынан алты багыт боюнча билим беришкен.

 Кыргызстандык балдар-кыздар мектептер арасындагы "Здравствуй, Россия!" долбооруна катышып келишкенин Бишкектеги "Русский дом" билдирди.

Бул окууну Россотрудничество Петр Капица атындагы физика-техникалык лицейдин технопаркы менен кошо уюштурган. Ага 14-18 жаштагылар катышкан.

"Көп нерсени билип, ар кыл өлкөлөрдөн көп досторду таптым. Абдан кызыктуу болду. Мугалимдер ар бирибизге көңүл бөлүп, майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүрүп жатышты. Чет тилдерди, жаңы нерселерди үйрөнүп, өздөштүрүүгө дилгир боло баштадык", — деп таасири менен бөлүштү Светлана Цой.

Окуучуларга технопарктын лабораторияларынан алты багыт — биотехнологиядан креативдүү индустрияга чейин билим беришкен. Өздөрүнүн долбоорлорун иштеп чыгып, спорттун түрлөрү боюнча бири-бири менен кармашып, маданий-акыл ой таймашын өткөргөн.

"Сонун адамдарды жолуктурдум, кооз жерлерди көрдүк. 3D-технология лабораторияларында иштөө да абдан кызыктуу болду", — деген долбоордун дагы бир катышуучусу Сардор Мухамедов.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости