www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө 13 айылдын аталышын өзгөртүү сунушталды. Тизме

Айылды өзгөртүү үчүн элдин макулдугу алынып, жергиликтүү бийликтин чечимдери чыгарылганы белгиленди.

Министрлер кабинети 13 айылдын аталышын өзгөртүүнү пландаштырууда. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылган.

Маалыматка ылайык, бул үчүн элдин макулдугу алынып, жергиликтүү кеңештин чечими чыгарылган.

"Мыйзам долбоору улуттук идеологияны чыңдоого, өткөн жана азыркы мезгилде кеңири белгилүү аталыштарын кайтарып берүүгө жана жашоочулар колдонгон аталыштарды мыйзамдаштырууга багытталган", — деп айтылат документтин негиздемесинде.

 

Төмөндөгү айылдардын аталышын өзгөртүү мерчемделүүдө:

Баткен облусу:

Говсувар айылы — Орто-Боз;

Чимген айылы — Чымкен;

Голбо айылы — Алтын-Бешик;

Маданият айылы — Айбике;

50 лет Киргизии — Миң-Жыгач;

Чапаев айылы — Арча-Бешик.

Нарын облусу:

Дыйкан айылы — Чоко-Бий;

Жерге-Тал айыл аймагы — Эсеналы Дайракунов а/а.

Ош облусу:

Киров айылы — Кенжебай;

Сары-Булак айыл аймагы — Рыспай Абдыкадыров а/а.

Талас облусу:

Куру-Маймак айылы — Сатыкей;

Покровка айылы — Семетей;

Покровка айыл аймагы — Семетей а/а.

Чүй облусу:

Новомихайловка айылы — Бообек;

Военно-Антоновка айылы — Кожомкул;

Горная Серафимовка — Кебек бий;

Военно-Антоновка айыл аймагы — Кожомкул а/а.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости