www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас облусундагы кой кайтарып жүргөн экинчи класстын окуучусу тууралуу видео социалдык тармактарга жарыялагандан кийин баланын абалы териштирилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя болгон жерге Айтматов райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери, райондук мамлекеттик администрациянын жана башка кызыкдар мамлекеттик органдардын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте барып, баланын жана үй-бүлөнүн абалына баа беришти.

Башкармалыктын башчысы Элмира Райымбекованын айтымында, баланын үй-бүлөсү бакубат жашайт, жери жана малы бар.

«Апасы төрөтканада жаткан учурда баланы убактылуу таенеси менен үйдө калтырышкан. Өгөй атасы болсо үйүндө калган эки баланы жубайы ооруканада болгонго чейин карап калган. Бала мыкты окуйт, мектепти калтырбайт», — деп түшүндүрдү ал.

Министр Жылдыз Полотова резонанстуу кырдаалга байланыштуу баалоонун жыйынтыгы боюнча баланы коргоо боюнча жекече планды тез арада түзүүнү жана аны балдар иштери боюнча комиссиянын жакынкы жыйынында кароону тапшырды. Ведомствонун маалыматы боюнча, мындай пландар жыл башынан бери оор турмуштук кырдаалга кабылган 1,6 миңден ашуун балага иштелип чыккан.

Эскерте кетсек, буга чейин жергиликтүү басылмалардын бири Айтматов районунда 2-класстагы бала кароосуз калып, кой кайтарып жүргөнү тууралуу жазып чыккан. Басылма жарыялаган видеодо «атасы 2-класстагы баласын тамак-аш бербей кой кайтартат» — деп айтылган.

Последние новости