www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров мамлекеттин эки тизгин бир чылбырын колго алганда: "Эки жылда экономикалык секирик жасап, карыздардан кутулуп баштайбыз. Беш жылда өлкөнү карыз берген өлкөгө айлантам. Мигранттарды өлкөгө кайтарып келем", - деген өңдүү убадалдарды кабаттап берген. 

Мына андан бери эки жарым жылдан ашты. Мигранттарды өлкөгө алып келмек түгүл, жылына Англияга, Түштүк Кореяга, Сауд Арабиясына, Болгарияга, Германияга, Японияга Акылбек Жапаров айткандай "эшелон-эшелон" кылып мандикерликке жөнөткөн өнөкөт күч алды. Мамлекеттин карызы күн санап өсүп жатат. 

Сөзүбүз кургак болбош үчүн айталы, Финансы министрлигинин соңку маалыматы боюнча январь айынын аягында мамлекеттик ички карыздын көлөмү 95 миллиард 660,5 миллион сомду түздү.

Ачык маалымат булактардагы сандарга баам алсак, бул өлкөнүн тарыхындагы рекорддук көлөм болуп саналат.

Буга чейинки рекорд былтыркы жылдын аягында коюлган, анда ички карыз 94 миллиард 132,5 миллион сом болгон. 

Белгилей кетсек, жыл ичинде (2022-жылдын январь айынын аягынан бери) ички мамлекеттик карыз 71,8 миллиард сомдон 23,8 миллиард сомго көбөйгөн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости